24.kg
10:19, 18 марта 2020, 24.kg

Кыргызстанда коронавирус 3 адамдан аныкталды

Жалал- Абад шаарында умрадан келген 3 жаран коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев билдирди.

Буга чейин Сауд Арабия коронавирус коркунучу бар өлкөлөрдүн 1-категориясына кире элек болчу.

Маалыматка ылайык, коронавирус жуктуруп алган жарандар Сузак районунун тургундары. Алар жакында эле Сауд Арабиядан, умрадан келишкен. Илдетке чалдыккандар Жалал-Абад шаарындагы ооруканага жаткырылды.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда буга чейин коронавирус катталган эмес. Ал эми коңшу өлкөлөрдө илдетке чалдыккандардын саны күндөн-күнгө өсүүдө.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18