24.kg
18:11, 17 марта 2020, 24.kg

Ош шаарында жылуулук берүү токтотулду

Ош шаарында 2019-2020-жылдык жылуулук менен камсыздоо мезгили ийгиликтүү аяктады. Бул тууралуу «Электр станциялары» АККсы билдирет.

Шаарга жылуулук берүү 2019-жылдын 6-ноябрда башталган.

«Ош шаарынын мэриясынын буйругуна ылайык, ТЭЦ жылуулук-механикалык жабдууларын алмаштыруу күчөтүлгөн тартипте оңдоо-түзөөгө берилди» — деп айтылат маалыматта.

Ош шаардык ТЭЦ 319 көп кабаттуу, 200 менчик үйдү, 88 бюджеттик уюмдардын обьектилерин, 70 республикалык мекемелерди, 18 шаардык обьекттерди, 5 өнөр жай жана 298 жана башка уюмдарды жылуулук менен камсыздайт.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18