24.kg
16:53, 17 марта 2020, 24.kg

«Коронавирусту мен баштадым» деген Арстан Алайды ишсиз калган тамада сотко берди

Алып баруучу Урмат Асанбеков өзүн кудай жарыялаган Арстан Алайды сотко берди. Маалыматты ал 24.kg агенттигине ырастады.

Урмат Асанбеков Арстан Алайга каршы доо арыз менен Ленин райондук сотуна кайрылган.

«Арстан Алай 3-мартта коронавирусту Кытай ал жөнөткөнүн айткан. Анын бул билдирүүсүн эч ким четке кага элек. 15-марттан тарта Кыргызстандын аймагында коронавирустун кирип келүү коркунучунан улам азык-түлүк кымбаттап, бир катар иш-чаралар жылдырылды. Анын жыйынтыгында мага алып баруучу катары зыян тийди, туулган күнүм да ойдогудай өтпөй, кыжаалат болуудамын», — дейт Урмат Асанбеков.

Ал коронавирусту дүйнөгө жайылткан Арстан Алайдан анын чыгымдарын төлөп берүүсүн талап кылат. Алып баруучу 50 миң сом сурап жатат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18