24.kg
15:01, 17 марта 2020, 24.kg

Мурдакы тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Германияга элчи болот

Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин депутаттары тышкы иштер министрлигинин мурдагы жетекчиси Эрлан Абдылдаевдин талапкерлигин Кыргызстандын Германиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилигине бекитти. Бул тууралуу чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынды.

Депутаттар Эрлан Абдылдаевдин талапкерлигин анын дипломатия тармагында тажрыйбасы бар экендигин эске алуу менен бир добуштун колдошту.

Эрлан Абдылдаев кызматтан кеткенден кийин дипломаттык чөйрөдөн алыстап кеткендигин өзүнүн үй-бүлөлүк жеке иштери менен түшүндүрдү.

Эске сала кетсек, ТИМдин мурдагы башчысы Эрлан Абдылдаев 53 жашта, Москва мамлекеттик эл-аралык мамилелер институтунун аяктаган, кытай жана англис тилинде эркин сүйлөйт. Бир уул, бир кыздын атасы.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18