24.kg
14:47, 17 марта 2020, 24.kg

Жээнбеков: Аксы окуясы — адилетсиздикке каршы жалпы элдик күрөштүн башаты

17-марттагы Аксы окуялары — өлкөбүздүн демократиялык өнүгүү жолундагы улуу бурулуш катары тарыхта калды. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун  2002-жылы болгон Аксы окуясына байланыштуу кыргызстандыктарга кайрылуусунда айтылат. 

Анда президент Аксы окуясын - адилетсиздикке каршы жалпы элдик күрөштүн башаты, Март жана Апрель революцияларына түрткү болгон тарыхый окуя катар баалайт. 

«17-марттагы Аксы окуясы — өлкөбүздүн демократиялык өнүгүү жолундагы улуу бурулуш катары тарыхта калды. Адилетсиздикке каршы жалпы элдик күрөштүн башаты, март жана апрель революцияларына түрткү болгон тарыхый окуя катары бааланат», — деди мамлекет башчы.

2002-жылдын 17-мартында Аксыда бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты адам каза тапкан. Анда ошол кездеги президент Аскар Акаевге импичмент жарыялоо демилгесин көтөргөндөн кийин камакка алынган депутат Азимбек Бекназаровду бошотуу жана Үзөңгү-Куушту Кытайга бербөө талаптары коюлган. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18