24.kg
14:43, 17 марта 2020, 24.kg

Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандардын киришине убактылуу чектөө кирет

Чет өлкөлүк жарандар Кыргызстанга бир ай кире алышпайт. Бул тууралуу Коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штабдын төрагасынын орун басары, вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Штаб эпидемиологиялык абалга жараша коронавирус катталган өлкөлөрдүн категорияларын кайра карап чыгып, мурдагыдай үч эмес, эки категорияга бөлүнүп, биринчи категорияга Кытай баштаган өлкөлөр киргизилди.

«Биринчи категорияга Италия, Иран, Испания, Түштүк Корея, Германия, Франция, АКШ, Швейцария, Англия, Голландия, Норвегия, Швеция, Бельгия, Австрия мамлекеттери кирет. Ал эми экинчи категорияга вирус катталган өлкөлөрдүн баары кирет», — деди Алтынай Өмүрбекова.

Сунуштун негизинде чечим кабыл алынса биринчи категорияга кирген өлкөлөргө каттаган кыргызстандыктар 14 күнгө чейин карантинге алынат. Экинчи категорияда эки жума үй карантинге алынат. Бирок, жүк ташууга чектөө киргизилген жок.

Буга чейин Кыргызстан коронавирус жайылган өлкөлөрдү үч категорияга бөлгөн. Учурда Кыргызстанда коронавирус илдети каттала элек. 321 киши обсервацияда жатат.

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18