24.kg
13:08, 17 марта 2020, 24.kg

Жума намазга мечитке топтолууга тыюу салынышы мүмкүн

«Муфтият бүгүн баардык мечиттердеги жума намаздарды токтотот деп ойлойм», — деди вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова маалымат жыйынында.

Анын айтымында, Аалымдар кеңеши шашылыш жыйынга чогулду. Анын чечими жакынкы убакытта белгилүү болот.

Эскерте кетсек, буга чейин Аалымдар кеңешинин чечими боюнча -азанга чейинки баян өтүүнү токтотуу, хутбаны жана амаз окуу учурунда кыска сүрөлөрдү окуу, намаз окуп бүткөндө дуба менен зикир тартуу убактысын кыскартуу сунушталган.

Эске сала кетсек, коронавирусту алдын алуу ирээтинде Турция мечиттерге жана сыйынуучу жайларга барууга тыюу салды. Өзбекстанда намазды үйдөн окуу чечими кабыл алынды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18