24.kg
12:40, 17 марта 2020, 24.kg

Кыргызстанда той өткөрүүгө тыюу салынды. 50 орундан ашкан кафелер жабылат

Кыргызстандагы ресторандарда той-аштарды өткөрүүгө тыюу салынат. Бул туурасында вице-премьер Алтынай Өмүрбекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Республикалык штабдын чечимине ылайык, коронавирус кооптуулугуна байланыштуу өлкөдөгү бардык массалык иш-чараларга чектөө киргизилет.

«Бүгүн Штаб ресторандарда үй-бүлөлүк, жамааттык мааракелерди өткөрүүгө тыюу салуу чечимин кабыл алды. Мындан сырткары, 50дөн ашуун адам бата турган кафелер дагы ишин токтотушу керек. Бул чектөөлөргө куран окутуулар дагы кирет», — деди Алтынай Өмүрбекова.

Эпидемологиялык кырдаалды билип туруп той өткөргөн жаран жана ресторан ээси Эреже бузуулар кодексинин 150-беренеси, Жазык кодексинин 280 жана 285-беренелери боюнча жоопко тартылат. Аларга айып салуу жана башка чаралар колдонулат.

Алтынай Өмүрбекова.

Кыргызстанда коронавирус каттала элек. 321 киши обсервацияда жатат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18