24.kg
12:30, 17 марта 2020, 24.kg

Пенсия, жөлөк пул, айлык акы кечиктирилбейт

Өкмөт жөлөк пул, пенсия жана айлык акыларды өз убагында берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоонуу жана коопсуздук комитетинин жыйынында финансы министри Бактыгүл Жээнбаева маалымдады.
Ал бюджеттик тармактык кызматкерлеринин айлык маянасы кармалып жатат деген маалыматты четке какты.
«Айлык акы, жөлөк пул жана пенсияны өз убагында беребиз. Эч кандай кечигүүлөр болбойт», — дейт финансы министр Бактыгүл Жээнбаева.
Ал эми массалык түрдө өтө турчу маданий жана спорттук иш-чаралырды каржылоо токтотулганы маалым болду.
«Бюджеттти канчалык үнөмдөп жатканыбызга карабай эгер бажы жана салык кызматы төлөмдөрдүн планын толтура албаса, анда бюджетте эң жок тартыштык болушу күтүлөт. Ошондуктан биз эл-аралык донорлор менен жана башка өнөктөштөр менен сүйлөшүү жүргүзүп жатабыз», — деп кошумчалады финансы министр.
Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18