24.kg
10:53, 17 марта 2020, 24.kg

Казакстанда дагы 3 адамдан коронавирус аныкталды

Алматыда дагы 3 адамдан коронавирустун симптомдору аныкталды. Бул тууралуу Казакстан саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө таянып Казакстандын маалымат булактары жазып чыгышты.

«2020-жылдын 17-марты, саат 09:00, коронавирус боюнча эпидемиялык кырдаалдын Казакстандагы абалы. Алматыдан дагы 3 жарандан коронавирустун симптомдору аныкталды», — деп берилген билдирмеде.

Бүгүнкү күндө коронавирус жуктургандардын саны жалпы 13кө жетти. Алардын 11и Алматыдан, 2 бейтап Нур-Султандан аныкталды.

Эске сала кетсек, Германиянын бейтапканаларынын биринде дагы 1 казак жараны коронавируска каршы дарыланууда.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18