24.kg
15:50, 16 марта 2020, 24.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тоолордо кар көчкү түшөрүн эскертет

Кыргызстанда 16-марттан 18-мартка чейин абанын кескин жогорулашына байланыштуу тоолуу аймактарда кар көчкү түшүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Министрлик автоунаалардын ортосундагы 500 метрлик аралыкты сактоону суранат.

Маалыматка ылайык, абанын температурасынын кескин жогорулашынан улам 18-мартка чейин тоолуу аймактарда кар көчкү катталышы мүмкүн. Аны менен катар жолдор тайгак болуп, муз тоңору айтылды.

ӨКМ Бишкек — Ош унаа жолундагы Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Мырзаке —Кара-Кулжа — Алайкуу автоунаа жолунун 65-107-чакырымында этият болууга чакырат.

Мындан сырткары, Ала-Бука- Каныш-Кыя автоунаа жолундагы Чапчыма ашуусу, Красная-Горка — Ак-Таш автоунаа жолунун 1-4-чакырымдары кооптуу жай экенин эскертет. Нарын аркылуу кеткен Казарман — Ак-Тал-Чат автоунаа жолундагы Кара-Коо ашуусунда дагы сак болуу зарыл.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18