24.kg
12:13, 16 марта 2020, 24.kg

Ош шаарындагы ишкана күнүнө 10 миң беткап чыгара алат

Ош шаарында күнүнө 10 миң даана медициналык беткап чыгарыла турганы маалым болду. Бул тууралуу Ош шаардык муниципалинетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган ишкана күнүнө 10 миң, айына 400 миң, жылына 10 миллионго чейин бет капты чыгара алат. Ал эми тигилип жаткан бет каптар баардык талапка жооп берет.

«Ош шаарынын мэриясы антимонополия кызматына дары-дармектерди, анын ичинде медициналык бет каптардын наркын көзөмөлдөөгө тапшырмасы берилди», — деп айтылган маалыматта.

Эске сала кетсек, учурда Кыргызстан боюнча коронавирус жуктуруп алгандар жок. Айрым өлкөлөр коронавируска карата экспортту токтотушкандыктан Кыргызстанда бет кап тартыштыгы жаралган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18