24.kg
12:09, 16 марта 2020, 24.kg

Өзбекстанда 4 жарандан коронавирус аныкталды

Өзбекстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны төрт адамга жетти. Бул тууралуу өзбек маалымат булактары жазып чыгышты.

Коронавирус биринчилерден болуп 15-мартта Франциядан учуп келген аялдан аныкталган. Бүгүн анын баласы менен кызы дагы жуктуруп алганы белгилүү болду. Андан тышкары, Стамбулдан учуп келген жарандан дагы вирус табылды.

Маалыматка ылайык, Өзбекстанда коронавирустун алдын алуу үчүн 16-марттан тарта бардык ЖОЖдор, мектептер жана бала бакчалар жабылды. Каникул учурунда улуттук телеканалдар аркылуу окуучуларга телесабактар көрсөтүлөт.

Учурда Өзбекстан бийлиги инфекцияны алдын алуу үчүн баардык чараларды көрүп жатканы белгиленген.

Эске салсак, коронавирусунан улам өпкө оорусуна чалдыккандардын саны дүйнө боюнча 153 миң деп такталды. Алардын ичинен 5801и көз жумса, 75 миңи айыгышты.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18