24.kg
09:22, 16 марта 2020, 24.kg

Дааватка тыюу салынды. Муфтият коронавируска каршы чараларды жарыялады

Аалымдар Кеңешинин чукул жыйыны өтүп, учурдагы кырдаалга жараша бир катар чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу муфтият маалымдайт.

Муфтият мечиттерди жана башка жайларда диний, маданий өңүттөгү массалык иш чараларды, окуу кружокторун, конференцияларды, семинарларды убактылуу токтотууну сунуштайт.

«Жума намазга чейинки баяндарга убактылуу чектөө киргизилип, зикир жана дубалар кыска окулсун. Сыркоологон адамдарга жана ден соолугу начар карыяларга мечитке келбей турсуе», — дейт муфтият.

Андан тышкары, даават иштери боюнча тиешелүү чектөөлөр киргизилип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, мечиттер жана диний окуу жайлар тез-тез дезинфекциялоодон өткөрүү каралат.

«Мечиттин ичинде жана сыртында кол алышып саламдашуу, кучакташып учурашуу учурдагы кырдаалдан улам кооптуу экендиги эскертилсин», — дейт муфтият.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18