24.kg
18:14, 13 марта 2020, 24.kg

Германияга барып келген депутаттардан короновирус табылган жок

Вице-спикер Аида Касымалиеванын коронавируска карата анализи чыкты. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине билдирди.

Аида Касымалиеванын айтымында, депутаттардын анализи таза чыкты. Ал эми алар менен чогуу барган делагация мүчөлөрүнүн бирөөнүн анализа чыга элек, калгандарыныкы жакшы көрсөткүчтө.

Белгилей кетсек, парламенттик делегация өткөн жумада Германия парламентинин чакыруусу менен Берлинге барышкан .Депутаттар бүгүн кайтып келип, үй карантинине алынган.

«Анализдин жыйынтыгы боюнча коронавирус табылган жок. Кийинки анализ дагы бир жолу 10-12 күндөн кийин жасалат», — деп Facebook баракчасына билдирди.

Эске сала кетсек, Казакстанда Германиядан келген эки жаран коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бугай чейин Кыргызстан коронавирус кооптуулугу жагынан үчко бөлгөн. Эки күн мурда Германия биринчи категорияга кошулду. Ал жактан келген жарандар эки апталык медициналык жайда карантинге алынат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18