24.kg
17:38, 13 марта 2020, 24.kg

Дарига Назарбаева Кыргызстанга болгон расмий сапарын кийинкиге жылдырды

Казакстан парламентинин Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаева Кыргызстанга болгон расмий сапарын коронавируска байланыштуу кийинкиге жылдырды. Бул тууралуу Жогорку кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков пресс-жыйында билдирди.

Анын айтымында, Дарига Назарбаева менен Дастанбек Жумабеков телефон аркылуу сүйлөшүп бир бүтүмгө келишкен. Белгиленген иш-сапар 2020-жылдын 16-17-мартына мерчемделген.

Телефондук байланышта парламент башчылары эки жактын саясий-экономикасынын өнүгүү жолдорун жана гуманитардык-маданий карым-катнаштар тууралуу талкуулашып, андан соң парламенттер аралык кызматташууну жана депутаттар аралык достук денгээли тууралуу сөз кылышты. Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун коронавирусту алдын алуу жана ага карата ар кандай чараларды көрүү керек деген билдирүүсүн эске алуу менен эки элге тынчтык каалашты.

Эске сала кетсек, бүгүн, Казакстанда коронавирусту жуктуруп алган 2 жаран такталганын өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов билдирген.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18