24.kg
16:15, 13 марта 2020, 24.kg

Казакстан 9-12-мартта Германиядан учуп келген жүргүнчүлөрдү издөөдө

Казакстан Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус жуктуруп алган эки жаран менен байланышта болгондорду издөөдө. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министри Елжан Биртанов Нур-Султанда өткөн брифингде билдирген.

Анын айтымында, бейтаптардын бири 9-мартта учуп келсе, экинчиси 12-март күнү учуп келген. 

«9-мартта учуп келген 73 жүргүнчүнүн тизмелери бизде бар. Алардын кайда жайгашканынан бере билебиз. Учурда алардын баарын табуу үчүн керектүү чаралар көрүлүүдө. Вируска карата текшерүүдөн кийин баардыгы 14 күнгө карантинге алынат», — дейт Елжан Биртанов.

Учурда 12 жүргүнчү текшерүүдөн өтүп Алматыдагы инфекциялык стационарга карантинге алынды. Аларда коронавируска шектүү эч кандай симптомдор жок.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18