24.kg
12:07, 13 марта 2020, 24.kg

Өкмөт: Өлкөдө жетиштүү азык-түлүк запасы бар

Кыргызстанда жетиштүү түрдө азык-түлүк запасы бар. Бул тууралуувице-премьер-министр Эркин Асрандиев коронавирус инфекциясынын өлкөнүн экономикалык абалына тийгизген таасиринин кесепеттерин азайтууга багытталган чараларды жүзөгө ашыруу боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында айтты.

Ал элди дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

«Өлкөдө азык-түлүк жетиштүү. Мен мына төрт баланын атасы эч нерсе камдаган жокмун. Дефицит болбойт», — деди ал.

Бирок өкмөт импорттук товарларды ташып келүүгө ыңгайлуу өлкөлөрдү издөөдө.

«Негизги импорттоочулар жана жүк ташуучулар менен жолугушууларды өткөрүп, бул маселе боюнча алардын сунуштарын угуу керек. Алсак, темир жол ташуулары мурдагы график боюнча жүргүзүлүүдө. Балким, импорттоочулар азырынча ушул жол аркылуу өз товарларын жеткирип турушат. Учурда коронавирустун жугуу тобокелдиги жогору өлкөлөрдүн ичинен биз Кытайдан сырье ташыйбыз. Бул негизинен жеңил өнөр жай тармагынын товарлары. Бүгүнкү күндө өндүрүүчүлөр белгилешкендей, сырье жетиштүү. Бирок биз эртеңки күндү ойлошубуз керек. Ошондуктан бардык тараптарды угуп, ойлонулган чечим кабыл алууга тийишпиз», — деп баса белгиледи Эркин Асрандиев.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18