24.kg
11:50, 13 марта 2020, 24.kg

Евробиримдиги кыргыз журналисттерин колдоо үчүн жаңы долбоор баштады

Кыргызстанда медиа тармагындагы реформаларды колдоого багытталган «Медиа Диалог» аттуу долбоор башталды. 12-мартта долбоордун башталышы боюнча иш-чарага эл аралык уюмдардын, өкмөттүн, парламенттин, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, журналисттер катышты.

Анда Европа Биримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Эдуард Ауэр Кыргызстан аймакта демократиялык өзгөрүүлөр боюнча салыштырмалуу жакшы абалда экенин белгилеп, алдыдагы парламенттик шайлоо медиа тармактын өнүгүшү үчүн жакшы мүмкүнчүлүк деп билдирди.

«Медиа Диалог» долбоорун Евробиримдик каржылайт. Ал медианын туруктуу өнүгүшүн , журналисттердин кесиптик өнүгүшүнө шарт түзүү, шайлоону чагылдырууга көмөктөшүү жаатында долбоорлорду колдойт.

Долбоорду Демократия үчүн Европа өнөктөштүгү, «Медиа Полиси Институту», Вестминстер фонду, Европанын жергиликтүү демократия ассоциациясы жана ARTICLE 19 уюмдары ишке ашырат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18