24.kg
09:18, 13 марта 2020, 24.kg

Жапония Кыргызстанга эки ири долбоорго 8 млн. доллар бөлмөй болду

Жапон өкмөтү Кыргызстанга эки ири долбоорду ишке ашырууга 8 миллион доллар бөлмөй болду. Бул тууралуу макулдашууларга 11-мартта Бишкекте кол коюлду.
 

Бөлүнгөн сумманын 4 миллиону өлкөдөгү шайлоо системасын жакшыртууга, калган 4 миллиону өзгөчө кырдаалдар шартында жана климаттын өзгөрүү коркунучтарында балдардын абалынын туруктуулугун бекемдөөгө багытталат.

Биринчисин Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү программасы, экинчиси ушул эле уюмдун Балдар фонду (ЮНИСЕФ) ишке ашырат.

Өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн байланыш боюнча адиси Айнагүл Абдрахманова билдиргендей, шайлоо тармагына бөлүнгөн каражатка добуш берүүчүлөрдү таануунун биометрикалык ыкмасынын туруктуулугун камсыз кылуу аркылуу шайлоонун эркин жана калыс өтүшү камсыз болот.

Ал эми ЮНИСЕФ аркылуу ишке ашырыла турган долбоордун алкагында окуучу балдардын жана кыздардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар көрүлөт.

Кыргызстанда быйыл 12-апрелде жергиликтүү кеңештерге, ал эми күзүндө Жогорку Кеңешке шайлоо өтөт.

 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18