24.kg
15:59, 12 марта 2020, 24.kg

Кара-Суу районунда 67 мектеп электрондук күндөлк жана электрондук журналга өттү

Кара-Суу районунда 67 мектеп электрондук күндөлүк жана электрондук журналга өттү. Бул тууралуу аталган аймактагы Билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, райондогу мектептердин жарымына санариптештирүү киргизилди.

«Санариптешүү баланын билимине, сабакка кызыгуусу, жүрүм-турумун мобилдик тиркемеде көзөмөлдөп, мугалим, мектеп менен байланышы он натыйжа бере баштады. Мында жүгүртмө,күндөлүк журнал мугалимдин кол телефону жана компюьтеринде сакталат. Ал эми электрондук күндөлүк ата -эненин уюлдук телефонуна тиркеме сыяктуу көчүрүлөт. Эгер окуучу эн жакшы же төмөн баа алыса, анын себептерине дейре үйүндө олтуруп эле мугалимден сурай алат. Үй тапшырма да ата-энесинин телефонуна түшөт», — дейт Ленин атындагы орто мектебинин мугалими Насиба Жээнтаева.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18