24.kg
15:41, 12 марта 2020, 24.kg

Парламентте университет менен мектептеги окууну жай мезгилине которуу сунушталды

Жогорку Кеңеште университеттер менен мектептердеги окуу процессин жай мезгилине которуу сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Бактыбек Турусбеков билдирди.

Депутаттын айтымында, коронавируска байланыштуу дүйнө жүзүндө ар кандай алдын алуу чаралары көрүлүп жатат.

«Окуучуларды окуу мөөнөтүнөн эрте каникулга таратып, жайкы мезгилге жылдыруу керек», — дейт Бактыбек Турусбеков.

Эске сала келсек, Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму 11-мартта COVID-2019 коронавирусу пандемияга айланганын жарыялаган. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына караганда, пандемия — бул жугуштуу оорулардын бир же бир нече өлкөнүн, континенттин калкына массалык түрдө таралышы менен мүнөздөлгөн эпидемия.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18