24.kg
15:25, 12 марта 2020, 24.kg

Коронавирус. Өкмөт кафе, ресторандарга тойлорду азайтууну сунуштайт

Кыргыз өкмөтү коронавирус коркунучуна байланыштуу маданий, спорттук жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Чечимге ылайык жеке жактарга жана соода, тейлөө жана коомдук тамактануу чөйрөсүнө менчиктин түрүнө карабастан массалык иш-чараларды өткөрүүдөн жана катышуудан кармана туруу сунушталат.

«Коомдук жайларда жана залдарда санитайзерлерди, аба тазалагычтарды орнотуу, кызматкерлерди жана келүүчүлөрдү дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо сунушталды», — деп белгиленген.

Калкка мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерди дезинфекциялоочу каражаттар менен камсыздоо боюнча тиешелүү чараларды көрүү, калк арасында кеңири маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди.

Кытайдан чыккан коронавирус дүйнөнүн 110дон ашуун өлкөсүнө тарап, дээрлик 118 миң адамга жукту, алардын көбү кытайлыктар. 4200дөн ашуун адам каза болду, 63 миңдейи айыгып чыкты.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18