24.kg
15:00, 12 марта 2020, 24.kg

АКШ Европадан келген каттамдарды кабыл алууну убактылуу токтотот

11-мартта АКШнын президенти Дональд Трамп өлкө бир айга Европадан келген бардык каттамдарды кабыл алууну токтото турганын билдирди. Бул тыюу жума күнү кечинде күчүнө кирет.

Себеп – коронавирустун Европада тездик менен жайылып жатышы.

«Биз Европадан АКШга келген бардык каттамдарды, анын ичинде жүк ташуучу учактарды 30 күнгө токтотобуз. Жаңы эрежелер жума күнү күчүнө кирет. Чектөөлөр абалга жараша өзгөрүшү мүмкүн», — деди Трамп.

Президент коронавирусту «чет өлкөлүк вирус» деп атап, анын жайылышын чектөө боюнча чечкиндүү чараларды көрбөгөндүгү үчүн Европа өлкөлөрүн сынга алды.

Трамп экономиканы колдоо үчүн Конгресске америкалыктар үчүн салык жеңилдиктерин берүү тууралуу сунуш киргизерин билдирди. Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси өлкө боюнча бекер текшерүү жүргүзүүгө жана карантинден улам жумушка барбай калгандарга жөлөкпул берүүгө каражат бөлүү планын сунуштады.

АКШда коронавирус жуктургандардын саны 1200дөн ашып, 37 адам каза болду. Дүйнөдө бул илдетти жуктуруп алгандар 126 миңге жетти.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18