24.kg
14:09, 12 марта 2020, 24.kg

Ошто коронавируска байланыштуу ыкчам штаб түзүлдү

Ош шаарынын аймагына коронавируска байланыштуу ыкчам штаб түзүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаарында жаңы коронавируска байланышкан эпидемиологиялык абал туруктуу. Коронавирус илдети менен ооругандар катталган жок.

Келген жарандардын бардыгы алгоритимдин негизинде тепловизордон өткөрүлүп, температурасы болгондор, ден соолугуна даттангандар катталган жок.

Ош облусунда жана Ош шаарында жашаган Кытайдан жана башкавируска байланыштуу кооптуу өлкөлөрдүн тизмесине кирген мамлекеттерден келген жарандардын абалын көзөмөлгө алуу максатында жалпы — 449 койкалар (обсерватор) жана изоляторлор даярдалган. (Ош шаарында 232 кошумча койкалар, изоляторлор даярдалды).

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18