24.kg
12:41, 12 марта 2020, 24.kg

Президент менен тааныштыгын айтып элди алдаган жаран кармалды

Ош областынын Кара-Кулжа районунун тургуну 1960-ж.т. С.у.Ж президент жана анын жакындары менен тааныштыгын айтып алдамчылык менен алектенген. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Маалыматка караганда, С.у.Ж С.у.Ж., Нарын областынын Жумгал районунун тургуну 1964-ж.т. Ш.М.А. жана Чүй областынын жашоочусу 1965-ж.т. Н.Р.С. менен бирге 250 миң доллар акчаны алып жаткан учурда кармалды.

Алар «Кыргыз темир жолу» Улуттук компаниясы Мамлекеттик иш канасынын жетекчилеринин биринен, Кара-Балта шаарынын суу түтүктөрүн алмаштыруу боюнча мамлекеттик сатып алуу тендерин утуу үчүн 1 миллион доллар сурашкан.

С.у.Ж. буга чейин дагы алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгону аныкталды.

«Ал алдамчылык аракеттерин чындыкка окшоштуруу максатында өлкө президенти жана анын чөйрөсүндөгүлөр менен алакасы бар экендигин айтып, жогорудагы маселени чечип берүү убадасын берген», — дейт УКМК.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн материалдары КР Кылмыш-жаза кодексинин 38-беренеси (Кылмышка даярдык көрүү) жана 204-беренесинин 3-бөлүмү (Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18