24.kg
09:51, 12 марта 2020, 24.kg

Өзбекстанда мугалимдер менен дарыгерлерди кош салык төлөөгө мажбурлашууда

Кашкадарыя облусунун Касан районунда бюджеттик мекеме-ишканалардын кызматкерлеринин маяналарынан «2020-жылдын салыгын алдын ала төлөө зарыл» деген шылтоо менен 300 000 сум (31 доллар) кармап калышууда.

Жергиликтүү тургундар кабарлагандай, кызматкерлер маянадан 300 000 сум кармап калууга макул экендиктери тууралуу тилкат жазып берүүгө мажбур болушкан. Мекеме-ишканалардын жетекчилери бул район акимчилигинин буйругу экенин билдиришүүдө.

«Биз азыр кош салык төлөп жатабыз. Биринчисин айлык маянадан эле кармап калат эмеспи, экинчисин болсо ыктыярдуу-мажбурлоо иретинде төлөп жатабыз. Бул эмне болгон салык экенин да билбейбиз», — деди медициналык мекемелердин кызматкерлеринин бири.

Ушундай эле салыкты мугалимдер да төлөп жатышат. Бирок райондук элдик билим берүү бөлүмүнүн башчысы Музаффар Назруллаев агартуучулардан 300 000 сум кармалып жатканы тууралуу маалыматты четке какты.

Ошол эле маалда бул маалыматты Касан райондук администрациясынын атын атагысы келбеген кызматкерлери тастыкташты. Алардын айтымында, коррупциялык иштерге байланыштуу район өкмөт алдында салык тармагында милдеттенмелерин аткара албай калган. Буга байланыштуу аким ар бир бюджеттик мекеме жетекчисине 12ден 15 миллион сумга (1,2-1,6 миң доллар) чейин салык чогултууга тапшырма берген.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18