24.kg
09:24, 12 марта 2020, 24.kg

Чет өлкөдөн жашырынып келген жарандар жоопкерчиликке тартылат

Эпидемиологиялык кырдаал курч өлкөлөрдөн жашырынып келген жарандар жоопкерчиликке тартылат. Бул тууралуу вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова АКШ өкмөтүнүн жугуштуу оорудан сактануу каражаттарын кабыл алуу иш-чарасынан соң, «Азаттык» радиосуна билдирди.

Вице-премьер-министрдин маалыматына караганда, эпидемиологиялык кырдаал курчуп турган өлкөлөрдөн келип, бирок анысын жашырып кирип кеткен жарандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат.

«Туура эмес маалымат берип, Италиядан Орусия же Казакстан аркылуу келип, бирок анысын жашырып, ички паспорт менен өлкөгө кирип кеткен жарандар катталган. Андай фактылар билинип калган учурда алар оңой эле табылат жана карантинге жаткырылат. Эгер адамдар билип туруп, атайын ошондой кадамга барса, Кылмыш кодексинин 280-беренесине («Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу») ылайык жоопкерчиликке тартылат», — дейт Алтынай Өмүрбекова.

Алтынай Өмүрбекова жарандарды эң ириде өз өмүрүнө, андан кийин жакындарынын жана башкалардын өмүрүнө жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18