24.kg
17:15, 11 марта 2020, 24.kg

Ленин райондук салык башкармалыгынын башчысы дайындалды

Ленин райондук салык башкармалыгына Руслан Касымов жетекчи болуп дайындалды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, Руслан Касымов  буга чейин Биринчи май райондук салык башкармалыгын жетектеп келген.

 Эске сала кетсек, мурдагы Ленин райондук салык башкармалыгын жетекчиси ошол эле башкармалыктын Н.Ш. жана С.Р. аттуу кызматкерлери 6-мартта пара талап кылуу фактысы боюнча кармалгандыгына байланыштуу “ишенимден кетти” деген жүйөө менен кызматтан алынган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18