24.kg
16:31, 11 марта 2020, 24.kg

Кыргызстанда коронавируска карата чет элдик паспорт берүү мөөнөтү кыскартылат

Кыргызстанда жалпы мамлекеттик паспорт даярдоо мөөнөтү COVID-19 коронавирусуна карата 18 күндөн 12 күнгө чейин кыскартылат. Бул тууралуу Мамлекеттик кааттоо кызматынын пресс-катчысы маалымдады.

«Мурда жарандар чет элдик паспортту 18 күндө ала алышчу, эми андан да 6 күн эрте ала алышат. Ага карата эч кандай кошумча акы төлөнбөйт», — дейт МКК. 

Учурда жарандарга ыңгайлуу болуш үчүн үч кичи-мамкаттоо борбору ачылды. Алар күчөтүлгөн режимде күнү-түнү иш алып барышууда.

Документтерди кабыл алуу баардык аймактардагы мамкаттоо бөлүмдөрүндө кабыл алынат же борбордук калкты тейлөө бөлүмүнө кайрылса болот. Ал эми республикадан убактылуу чектөө алган жарандар паспорт алуу үчүн атайын дипломатиялык өкүлчүлүктөргө кайрылса болот.

Мамкаттоонун байланыш борборуна 119 кыска номери аркылуу акысыз чалып, адистер менен байланышса болот.

Эске сала кетсек, 1-марттан тарта COVID-19 коронавирусуна карата өлкөдөн ID-карта менен чет жака чыгууга тыюуу салынган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18