24.kg
15:46, 11 марта 2020, 24.kg

Өзбек бийлиги жарнамаларды мамлекеттик тилде жазууну талап кылууда

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов өлкөдөгү коомдук жайларда жарнамалар менен жарыялардын орус тилинде жазылганын сынга алды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар кабарлашты.

9-мартта өткөн видеоселектордук жыйында өкмөт башчы жарнамалардагы каталар жөнүндө айтып, жарыяларда өзбек тили көбүрөөк колдонулушу керектигин айтты.

«Айрым ачыла элек дүкөндөр, ашканалар «Скоро открытие» же «Мы открылись» деп жазып жатышат. Жарнамаларды орус тилинде жазуу борбор шаарда гана эмес, алыскы айылдарда дагы модага айланып жатат. Жарыяны биздин тилде жазсак эч ким түшүнбөй калабы? Же ал дүкөнгө эч ким кирбей коёбу? Мамлекетке, тилге карата патриоттуулук сезим болушу керек», — деди Абдулла Арипов.

Өкмөт башчы өлкөдөгү негизги керектөөчүлөр өзбек тилдүү экенин эске алып, жарнама-жарыяларды башка тилде жазуу токтотулушу керектигин белгиледи.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18