24.kg
15:44, 11 марта 2020, 24.kg

Улуттук банк: 53,7 млн. доллар сатылды, валюта базарында абал туруктуу

Кыргызстандын Улуттук банкы 10-мартта валюталык интервенция жасап, 53,7 миллион АКШ долларын (анын 4,0 миллиону нак акча түрүндө) сатыкка чыгарды. Бул тууралуу маалымат банктын расмий сайтына чыкты.

«Учурда өлкөнүн валюта базарында абал туруктуу. Эл аралык резервдин көлөмү жетиштүү деңгээлде жана товардын импортунун беш айлык келечек көлөмүн жаап турат. 9-мартка карата эл аралык резерв 2 428,26 млн. долларды түзүүдө», - деп билдирди Улуттук банк.

2020-жылдын башынан бери Кыргызстандын Улуттук банкы 140,2 млн. долларды интервенция кылды.

10-мартта Кыргызстанда доллар дароо кымбаттады. Өлкөдөгү коммерциялык банктардын расмий сайттарындагы маалыматка караганда, бир доллардын курсу дээрлик үч сомго жогорулады.

Мисалы, «Demir Bank» 72,85 сомдон сатып алып, 72,95 сомдон сатууда. KICB 72,90 сомдон сатып алып, 73 сомдон сата баштады.

10-мартта эртең менен 1 АКШ доллары 69,85-69,95 сомдун тегерегинде болчу.

Улуттук банктын расмий сайтында доллар 69,85 сом бойдон турат.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18