12:51, 11 марта 2020, 24.kg
Түркияда коронавирус жуктуруп алган киши аныкталды
Түркияда коронавирус жуктуруп алган киши аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министри
Фахреттин Коджа билдирди.
Анын айтымында, бейтап Европадан келген. Учурда дарыланууда.
Дүйнөдө коронавирустан өлгөндөрдүн саны 2 миң 284кө жетти. Аны 119 миң 27 адам жуктуруп алган. Акыркы суткада 5 миң адамдан оору аныкталды.
Вирус 114 өлкөдө катталды.
0