24.kg
09:55, 11 марта 2020, 24.kg

Коронавирус. Парламентте депутаттардын чет өлкөгө сапарын токтотуу сунушталды

Жогорку Кеңеште депутаттардын чет өлкөгө сапарын токтотуу сунушталды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында айтылды.

Депутат Дастан Бекешев коронавируска байланыштуу эл өкүлдөрүнүн чет мамлекетке болгон иш сапарларын токтотууну сунуштады.

«Башка өлкөнүн депутаттары коронавирусту бири-бирине жугузуп жүрүшөт. Бизде кээ бир депутаттар ошого карабастан иш сапарга чыгып жатышат. Эл өкүлдөрүнө чет мамлекетке болгон иш сапарларына тыюу салуу керек. Кээ бири Германияда жүрүшөт. Жогорку Кеңешке болгон экскурсияны токтоттук, депутаттардын иш сапарын дагы токтотуу зарыл. Келгенде карантинге жатышсын. Ушундай буйрукту чыгарсаңыз. Дүйнөдө көпчүлүк парламент ушундай чечимге келип жатышат», — дейт Дастан Бекешев.



Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18