24.kg
17:07, 10 марта 2020, 24.kg

Иран мамлекетинин жарандары коронавируска каршы «метанол» ичип каза болушууда

Иранда коронавирустан коргонуу үчүн 11 адам метанол ичип алган, алардын 7сү каза таап, 4 адам көрбөй калды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, жогорудагы окуя Ахваз шаарында катталган. Анда 11 адам коронавирусту алдын алабыз деп метанол ичип алышкан. Жыйынтыгында 7сү каза болуп, 4сү көрбөй калган.

Социалдык тармактарда спирт ичимдигин ичкен адамга вирус жукпайт деген маалыматтар пайда болгон. Бул маалыматтан улам вирустан коргонуу үчүн метанол ичип алышканы белгилүү болду.

Учурда Иранда короавирусту жуктургандардын саны 7161, каза болгондор 237, айыккандардын 2394 адамга жетти. Эске сала кетсек, Метанол-атомдуу спирт, уулуу зат болуп эсептелинет. 10 мл метанол менен ууланган адамдын көзү сокур болуп калат. 80-150 мл метанол организмге кирсе өлүмгө алып келет. Бул уулуу зат органикалык химияда эритме катары колдонулат. Анын жыты этил спиртинен эч айырмаланбайт, бирок метанолдон көптөгөн адамдар ууланып каза болушкан.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18