24.kg
16:09, 10 марта 2020, 24.kg

Караколдо үй-бүлөлүк зомбулукка каршы митинг өттү

Кара-Кол шаарынын тургуну Миргүл Өмүрзакова зомбулукка каршы жалгыз пикетке чыкты. Бул тууралуу ал 24.kg агенттигине маалымдады.

Миргүл Өмүрзакова тынчтык акциясына өзү жалгыз чыкмакчы болгон.

«Мен «Биз зомбулукка каршы!» деген плакат менен шаардык аянтга жалгыз чыгууну каалаганмын. Бишкек шаарында зомбулукка каршы акция болуп жатканы тууралуу кечээ билип, ага тилектештик көрсөтмөкчү болдум. Эртең менен плакатты көтөрүп, жарым сааттай жалгыз турдум. Андан кийин жаныма элдер топтолуп башташты. Укук коргоо органдарыны өкүлдөрү жарандык форма менен келишип, пикеттин максаты туралуу сурашты. Бизге эч кандай тоскоолдук жаратышкан жок», — дейт Миргүл Өмүрзакова.

Ал белгилегендей, Миргүлдүн бул кадамын атасы да колдоп акцияга бирге чыгууну көздөгөн, бирок ал ооруп калгандыгына байланыштуу чыга алган эмес.

«Ал мен үчүн алгачкы феминист. Ал бизди кыз кишиге бул болбойт деген чектөөлөр менен эмес эркиндикдин күчү менен тарбиялаган. Дене табынын көтөрүлүп чыга албай калды, ал мени баардык жактан колдойт», — дейт Миргүл Өмүрзакова.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18