24.kg
15:00, 10 марта 2020, 24.kg

Кыргызстан менен Казакстандын талашы Дүйнөлүк соода уюмуна жетти

Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) башкы кеңешинде Казакстандын соода чектөөлөрү менен транзиттик жүк алып өтүүгө тоскоолдуктар боюнча Кыргызстандын дооматы каралды.

Кыргызстандын өкүлү Данияр Мукашевдун маалыматында, Казакстан киргизген чектөөлөрдүн айынан Кыргызстандын экспорту 2019-жылы 24,4% азайды.

Данияр Мукашев Кыргызстан 2017-жылы да ушундай чектөөлөргө дуушар болгонун эске салды. Ал Эл аралык Валюта Фондунун (ЭВФ) эсеби менен анда кыргыз экономикасы 200 млн. доллардан ашуун зыянга учураганын мисал келтирди. Казак тарап өз кезегинде аны аткезчиликти ооздуктоо чарасы менен түшүндүргөн.

Казакстандын бул уюмдагы өкүлү Жанар Айтжанова 2019-жылы жалган даректерге товар жөнөтүлгөн 2600 факты катталып, транзиттик жүк Казакстандын аймагында калып, салык алынбай сатылган 4800 учур аныкталганын билдирген. Ошондуктан ал Кыргызстанды өзүнө алган милдеттенмелерин так сактоого чакырды. Казакстан былтыр жаздан баштап чек арадан кирген жүк ташуучу автоунааларга пломба коюп, товарлардын документтерин текшере баштаган.

Буга чейин Кыргызстан кыргыз-казак чек арасындагы чектөөлөргө байланыштуу андагы кезек күткөн оор жүк ташуучуу автоунаалардын тыгыны 10 чакырымга чейин созулуп, кыргызстандык товар өндүрүүчүлөр зыянга учураганы кырдаал боюнча кыргыз өкмөтү Евразия экономикалык комиссиясына билдирүү жиберген.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18