24.kg
13:16, 10 марта 2020, 24.kg

«Кырк чоро»: Биз аялдардын укугун коргоого каршы эмеспиз

«Кырк чоро» уюмунун өкүлдөрү эч качан аялдарга каршы зомбулукка каршы чыккан эмес. Бул тууралуу уюмдун мүчөсү Кубанычбек Дүйшеев бүгүн Бишкек шаарында өткөн митинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, «Кырк чоронун» өкүлдөрү митингге байкоо жүргүзүп келишти.

«Биз кандай плакаттарды көтөрүп чыкканын карап келдик. Эгер туура эмес маанайдагы ураандар жазылган болсо, ага биз каршыбыз. Биз эч качан аялдардын укугун коргоого каршы чыкпайбыз. Бирок, мисалы «келинизация — это рабства» деген туура эмес. Андай плакаттарды көрсөм өзүм келип жулуп кетем», — деди ал.

«Кырк чоро» өкүлдөрү 8-март күнкү митингде байкоо гана жүргүзүп, эч кимге кол көтөрбөгөнүн белгилешти.

Эскерте кетсек, 8-март күнү Жеңиш аянтындагы митингде калпакчан жаш уландар келип, кыз-келиндердин колдорундагы плакаттарды тартып алышкан. Андан кийин милиция акция катышуучуларын автобустарга салып алып кеткен. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18