24.kg
12:45, 10 марта 2020, 24.kg

Роза Отунбаева ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин отставкасын талап кылат

Мурдакы президент Роза Отунбаева үй-бүлөлүк зомбулукка каршы митингди колдоого алып, Бишкекте Уркуя Салиеванын эстелигинин алдында өтүп жаткан акцияга катышууда.

Роза Отунбаева 8-март күнкү митингдин күч менен кууп таркатылышын сынга алды.

«Эми биз канча жылдан бери демократия деп жүрсөк, Кыргызстандын кашыктап топтогон аброюн чачып таштады. Абдан уят. Ошол ички иштер министри жумуштан кетиши керек», — деди ал.

Мурунку президент митингге карата каршы пикирлер боло берерин эскертти.

«Зомбулук Кыргызстанды кекиртектен кармап турат. Биз эмнеге ал үчүн намыстанбайбыз?», — дейт ал.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18