24.kg
09:45, 10 марта 2020, 24.kg

Коронавирус. Италия оорунун жайылуусу боюнча Кытайдан кийинки орунда турат

Италияда корановирусту жуктургандардын саны 9 миң 172ге жетти. Бул боюнча окмуштуулар иштеп чыккан онлайн картала айтылат.

Маалыматка караганда, 463 адам набыт болду.

Вирустун андан ары күчөп кетүүсүнүн алдын алуу үчүн Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте жалпы өлкө боюнча карантин жарыяланарын билдирди. Анын ичинде өлкө аймагында ээн-эркин жүрүүгө тыюу салынат.
«Шейшембиден тарта Италия толугу менен карантинге өтөт. Өзүнчө «кызыл аймактар болбойт», — деди Конте журналисттерге.

Өлкөдөгү бардык спорттук мелдештер, анын ичинде футбол чемпионаты 3-апрелге чейин токтотулду.

Акыркы маалыматтар боюнча, жалпы дүйнө жүзүндө коронавирустан 4004 адам өлдү. Жуктуруп алгандардын саны 114 миңден ашты.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18