24.kg
18:01, 09 марта 2020, 24.kg

Бишкектин Чүй көчөсүндө жайдак жүргөн жылкынын видеосу тарады

Бишкек шаарынын борбор көчөлөрүнүн бири Чүй проспектисинде жайдак аттын унаалар менен тең жарыша жүргөн видеосу Telegram тармагынын «Сейчас KG» каналында пайда болду.

Жылкынын кимге таандык экени азырынча белгисиз. Видеодо байкалгандай ал Чүй көчөсү менен батыш тарапты көздөй бет алган.

Эске сала кетсек, шаардын тургундары мындай белгисиз аттардын шаар аралап жүрүшүнө биринчи жолу күбө болуп жатышкан жок. Алгач алар кичирайондо оттоп жүргөнүн байкашкан, кийин трассадан көрүшкөн. Бир канча убаккыттан кийин «Ынтымак» жана «Ата түрк» эс алуучу жайларында үй жаныбарлары оттоп жүргөн.

Аттын ээлерине мэрия тарабына айып салынган, бирок 3-4 күндөн кийин түштүк магистралда чочко пайда болгон.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18