24.kg
17:36, 09 марта 2020, 24.kg

Эртең Бишкектин айрым райондорунда муздак суу берилбейт

Эртең Бишкекетин айрым райондорунда муздак суу берилбейт. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, суу каналдарын оңдоп-түзөө жана калыбына келтирүү иштеринен улам өчүрүлөт. Билим берүү уюмдары иштебейт.

10-март күнү саат 9:00дөн 17:00гө чейин төмөндөгү аймактар боюнча муздак суу өчүрүлөт: «Энесай», «Дордой-1», «Дордой-2» конуштарында № 21, 94, Орхон көчөсү боюнча 2, 2а, 4 менчик балдар бакчасы, «Бегимай Дордой» менчик балдар бакчасында.

Бул ыңгайсыздык жараткан себептер үчүн Бишкек шаардык мэрия кечирим суроо менен катар ар бир жаранды жана мекемелерди, уюмдарды сууну үнөмдөөгө чакырат.

Суу көйгөйлөрү боюнча ЖАТ «Бишкексууканалы» төмөндөгү номурлар аркылуу ар бир жаран кайрыла алат:

— борбордук диспетчердик кызматы: 0312 56 03 20;

— үй ичиндеги тармактар боюнча байланышуу үчүн: 0312 5442 45, 0312 54 42 44;

— тышкы тармактар боюнча: 0312 44 95 97, 0312 44 96 45;

— Бишкексууканалына WhatsApp аркылуу сүрөтүн жөнөтүү үчүн: 0770 83 84 58.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18