24.kg
17:23, 09 марта 2020, 24.kg

Бишкекте Ноорузга карата майрамдык салтанат өтпөйт

Бишкекте Ноорузга карата майрамдык салтанат өтпөйт. Бул тууралуу ​24.kg агенттигине вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Чечимди коронавирустун алдын-алуу боюнча республикалык штаб кабыл алды.

«Буга чейин массалык иш-чараларга чектөө киргизүүнү ойлоп жатканбыз. Азыр биротоло токтотуу чечимин сунуштадык. Нооруз күнү район, шаар борборлорунда майрамдык салтанаттар өтпөйт», — дейт Алтынай Өмүрбекова.

Ал эми Жеңиш күнү боюнча азырынча белгисиз.

«Баары кырдаалга байланыштуу. Апрель айында коронавирустун жайылышы төмөндөйт деген ойдобоуз», — дейт вице-премьер-министр.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18