24.kg
16:59, 09 марта 2020, 24.kg

Коронавирус. Соода борборлоруна коопсуздук жоопкерчилиги милдеттендирилди

Респубикалык штаб, соода жана бизнес борборлорунун, супер маркеттердин жана көңүл ачуучу жайлардын ээлерине ар бир кардарга дезинфекциялоочу жана аба тазалоочу каражаттар менен толук кандуу камсыздоо жоопкерчилигин табыштады. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

«Абалдын канчалык курч экендигин ар бир жаран олуттуу түшүнүп, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Республикалык штабдын баардык сунуштарына дыкаттык менен көңүл буруп, жарандык жоопкерчилик катары кабыл алышы керек», — дейт өкмөт.

Учурда Кыргызстанда коронавирус каттала элек. Кытай, Корея, Япония жана Иран өлкөлөрүнөн келгендер милдеттүү түрдө карантинге алынат. 

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18