24.kg
13:20, 09 марта 2020, 24.kg

Аялдардын укугу. Митингдин катышуучулары жана ага каршы чыккандарга айып салынды

8-март күнү аялдардын укугун коргоо боюнча митингдин катышуучуларына айып салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалымат караганда, митинг «Феминалле» жана «8/365» уюмдары тарабынан уюштурулган жана аларда уруксаты болгон эмес.

23 жаштагы К.А., 22 жаштагы А.М., 36 жаштагы А.Г., 34 жаштагы К.А. 47 жаштагы Т.Г., 38 жаштагы С.М. аттуу митинг катышуучуларына айып салынды. Андан тышкары, коомдук тартипти бузган 40 жаштагы К.З., 20 жаштагы Ш.Э., 21 жаштагы А.М., 27 жаштагы К.Б. жана 57 жаштагы Д.К аттуу жарандар коомдук тартипти бузгандыгы үчүн айыпка жыгылышты.

Алардын ар бир 3 миң сомдон төлөшү керек.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18