24.kg
12:08, 09 марта 2020, 24.kg

Парламентте кайра казино маселеси көтөрүлдү

Ысык-Көл жана Баткен сындуу алыскы аймактарда чет өлкөлүк жарандар үчүн казинолорду ачуу сунушталууда. Бул тууралуу депутат Кубанычбек Нурматов Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитетинде бинордук тооруктарга кумар оюну катары тыюу салууга багытталган мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

Эл өкүлү кыргыз жарандарын киргизген казинолорго 50-100 миң долларга чейин айыппул салуу керектигин белгилейт.

Ага депутат Төрөбай Зулпукаров каршы чыгып, 2011-жылдан бери бир кумар оюну жабылса, экинчиси пайда болуп келатканын эске салып, дегеле казино ачууга каршы оюн билдирди.

«Казинону кайра ачуунун жаманаттысы парламентке калат. Мурда дагы ушундай аркеттер болгон, депутаттар тобунун ктуу каршылыгы менен араң токтотулган», — деп, ал өз кесиптештерин кайрадан казино ачуу идеясынан баш тартууга чакырды.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18