24.kg
10:04, 09 марта 2020, 24.kg

Алматыда аялдардын укуктарын коргогон марш өттү

8-мартта Казакстандын Алматы шаарында аялдардын укуктарын коргогон марш өттү. Жергиликтүү феминисттер уюштурган жүрүшкө 200гө жакын адам катышты.

Марштын катышуучулары зомбулуктан каза болгон аялдарды эскеришти. Активисттер зордуктоо менен отургандарды мөөнөтүнөн мурда бошотпоону, сексуалдык ыдык көрсөткөндөргө жазаны күчөтүүнү талап кылышты.

«Казакстанда жыл сайын 400гө жакын аял күйөөлөрүнүн же туугандарынын ур-токмогунан каза болот. Биздин максат ошол аялдардын тагдырына көңүл бурдуруу», — деди «Феминита» тобунун негиздөөчүлөрүнүн бири, активист Гүлзада Сержан.

Жүрүштүн катышуучулары Жибек Жолу көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейин басып барышты. Активисттерге жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келип, жүрүшкө уруксат алынбаганын айтып, тарап кетүүнү суранышты. Бирок иш-чара аягына чейин кармоосуз

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18