24.kg
18:01, 06 марта 2020, 24.kg

Нооруз, «Өлбөс полк» жана Жеңиш кунүнүн Бишкек шаарында белгинери белгисиз

Нооруз жана Жеңиш майрамдары менен «Өлбөс полк» жүрүшүнүн Бишкек шаарында белгинери белгисиз. Бул мэриянын аппарат башчысы Балбак Түлөбаев 24.kg агенттигине билдирди.

Ал белгилегендей, өкмөт коронавирустун өлкөгө кирүүсүн жана жайылуусун алдын алуу иретинде массалык иш-чараларды чектөөгө токтом чыгарган.

«Биз өкмөттүн токтомун аткарабыз. Нооруз жана Жеңиш күнүн белгилөө салтанаты болоор-болбосун биз азырынча билбейбиз. Мындан тышкары соттун чечими бар, биз аны аткарышыбыз керек. Мен учурда эс алуу өргөөсүндөмүн. Ал жакта эмне деп жазылгандыгы тууралуу маалыматым жок. Бирок мыйзам баарыбыз үчүн бирдей жана биз мыйзамды аткарышыбыз керек», — дейт ал.

Эске сала кетсек, Биринчи май жана Ленин райондук соту 2020-жылдын 1-июлуна чейин райондун аймагындагы боло турчу ар кандай жарандык акцияларды жана массалык топтолууларга каршы чечимди кабыл алышты.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18