24.kg
17:18, 06 марта 2020, 24.kg

Бишкекте үй-бүлөлүк жаңжалдан улам күйөөсү аялын өлтүрүп, баласын бычактады

Бишкек шаарынын 5-кичи районунда үй-бүлөлүк уруштан улам күйөөсү аялы менен баласын бычактап, өзү ваннада асынып алды. Бул тууралуу Октябрь РИИБнин басма сөз кызматы 24.kg агенттигине билдирди.

Каргашалуу окуядан улам аялы каза болуп, 9 жаштагы баласы 5 жеринен жаракат алган.

Маалыматка ылайык, бүгүн саат 12:00 чамасында Бишкек ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө күйөөсү аялын жана баласын бычактап салгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон жерге барган ыкчам тергөө тобу аялдын жансыз денесин табышкан.

Ал эми оор жаракат алган 9 жаштагы баланы «Тез жардам» кызматы № 3 шаардык балдар ооруканасына жеткирилди. Бала 5 жеринен жаракат алып, учурда жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Айрым маалыматтарга караганда күйөөсү кылмыштан кийин ваннада асынып алган. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18