24.kg
16:32, 06 марта 2020, 24.kg

Gugulethu афротенорлордун Бишкектеги концерти коронавируска карата жылдырылды

Gugulethu афротенорлордун Бишкекте өтө турчу концерти кийинки мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу А.Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын директорунун орун басары Елена Смирнова 24.kg агенттигине маалымдады.

Анын айтымына, концерт Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2020-жылдын 4-мартындагы «маданий-массалык иш-чараларды убактылуу токтотуу» боюнча чыгарган жарлыгынын негизинде жылдырылды.

«Концертттин өтө турчу так датасы азырынча белгилене элек. Кайсы мөөнөткө коюлгандыгы тууралуу кошумча маалымдайбыз. Ал эми сатылып кеткен билеттерди театрдын кассасына тапшырууга болот», -дейт ал.

Маалыматка ылайык, 8-мартта өтө турчу «Назад в СССР» аттуу концерт да токтотулду.

Эске сала кетсек, 2020-жылдын 10-мартынан 31-мартына чейин коюла турчу спектаклдер токтотулгандыгы тууралуу театр маалымдаган.

Views
0
Views
Views
Views

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18